Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

АКШнын вице-президенти Мьянманын армиясын рохинжалар үчүн сынга алды


Аун Сан Су Чжи жана Майк Пенс Сингапурдагы жолугушууда. 14-ноябрь, 2018-жыл.
Аун Сан Су Чжи жана Майк Пенс Сингапурдагы жолугушууда. 14-ноябрь, 2018-жыл.

Майк Пенс Мьянманын армиясын бүгүн Сингапурда бул өлкөнүн иш жүзүндөгү лидери Аун Сан Су Чжи менен кездешкен учурда сынга алды:

- Мен сизден рохинжаларга карата кандай прогресс бар экендиги жөнүндө да уккум келип турат. Бул трагедия миллиондогон америкалыктардын жүрөгүн оорутту. Армиянын кыянатчылыгы менен куугунтугу 700 миң рохинжанын Бангладешке эч жүйөсүз жер которушуна себеп болду, - деди Майк Пенс 14-ноябрдагы кездешүүдө.

АКШнын вице-президентинин бул сөздөрүнө жооп берген Аун Сан Су Чжи ал өз өлкөсүн “башкаларга караганда жакшыраак түшүнөрүн” билдирди.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, АКШнын вице-президенти менен Мьянманын лидери рохинжа мусулмандарынын үйлөрүнө өз эрки менен коопсуз кайтышынын маанилүүлүгүн талкуулашты.

Жүз миңдеген рохинжа мусулмандары азыр да Бангладештеги лагерлерде баш калкалоодо. Алар Мьянмадан Бангладешке былтыр август айынан тартып качышкан.

"Чек арасыз дарыгерлер" (MSF) уюму 25-августтан 24-сентябрга чейин Мьянмадагы Ракхайн штатында кеминде 9 миң киши өлгөнүн, алардын 72% зомбулуктун курмандыгы болгонун эсептеген.

Мьянманын аскердик жетекчилиги "жайкын тургандарды атайылап бутага алды" деген дооматтарды четке кагып, Ракхайн штатындагы коопсуздук операцияларына рохинжа мусулмандарынан чыккан согушкерлердин чабуулдары себеп болгонун айтып келет.

БУУ жана АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды “улутту тукум курут” катары мүнөздөшкөн.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG