Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Рыспаев: ЖЭБ боюнча парламент моралдык гана жоопкерчилик тартат (видео)


Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев “Азаттык” радиосунун “2x1” программасында Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо жана андагы коррупциялык иштер боюнча комментарий берип, ал окуя үчүн парламент моралдык гана жоопкерчилик тартарын билдирди:

- ЖЭБ боюнча аткаруу бийлиги жооптуу. Акчаны ким алып, ким иштетти? Албетте, Жогорку Кеңештин моралдык жактан жоопкерчилиги бар. Себеби, техникалык-экономикалык аныктамасы (ТЭА) жок, "бир эле компания ишти аткарат" дегендерге макул болуп койгон. Бирок биз анда "ЖЭБ өтө эскирген, ошондуктан ишти аткаруу бийлиги жүргүзөт" деген ишеним менен колдоп бергенбиз. Ошондуктан кимдер курса, акчаны кимдер бөлүштүргөн болсо ошолор жооп берет, - деди ал.

Журналисттердин: “Бирок келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялаган, ал укуктук документ да?” деген тактоосуна депутат Кожобек Рыспаев “парламент коллегиялык орган болгондуктан укуктук жоопкерчиликке тартылбайт” деп жооп берди.

Быйыл кышта Бишкек ЖЭБи бузулуп, шаар бир нече күн бою жылуулуксуз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого жумшалган 386 миллион кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан.

Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы бул боюнча иликтөө жүргүзүп, өз корутундусунда мурдагы бир катар аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизген. Кийин бул боюнча кылмыш иши козголуп, он чакты аткаминер камакка алынган. Тергөө иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG