Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

AI: Ирандагы арабдар жазаланууда


Аваз шаарындагы кол салуу учурунда тартылган сүрөт. 22- сентябрь, 2018-жыл.
Аваз шаарындагы кол салуу учурунда тартылган сүрөт. 22- сентябрь, 2018-жыл.

Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty International) бүгүн Ирандын бийликтерин Аваз шаарында быйыл сентябрда болгон кол салуудан соң жашыруун кармалып жаткан жергиликтүү арабдар тууралуу тезинен маалымат берүүгө чакырды.

Аталган уюмдун бул кайрылуусу алдында Ирандан акыркы күндөрү 22 адам өлүм жазасына жашыруун тартылганы тууралуу кабарлар келген.

Бирок Ирандын бийликтери мындай кабарларды төгүндөгөн.

Эл аралык Мунапыс уюмунун маалыматына караганда, быйыл 24-сентябрдан бери Аваз шаарында 600гө чейинки сандагы араб кармалып, аларга же адвокаттары, же үй-бүлө мүчөлөрү жолуга алган эмес.

Быйыл 22-сентябрда Аваз шаарында 1980-88-жылкы Иран-Ирак согушунун кезектеги жылдыгына арналган аскердик парад учурунда куралдуу адамдардын кол салуусунан кеминде 24 кишинин өмүрү кыйылып, 60тан ашууну жарадар болгон.

Расмий Тегеран окуяны “террористтик кылмыш” деп атап, ал үчүн ирандык арабдардын “Аваз улуттук каршылык көргөзүү кыймылы" деген уюмун күнөөлөгөн.

Бирок бул уюм да тескерсинче кол салууну айыптап, ага тиешеси жоктугун белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG