Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:59

Баяндама: АКШ Орусия жана Кытай менен согушта утулушу мүмкүн


АКШ аскерлери НАТОнун Украинадагы машыгуусунда. 3-сентябрь, 2018-жыл.
АКШ аскерлери НАТОнун Украинадагы машыгуусунда. 3-сентябрь, 2018-жыл.

Мындай тыянак АКШ Конгресси түзгөн кош партиялык топтун баяндамасында айтылат.

Улуттук коргонуу стратегиясы боюнча комиссия деп аталган топтун баяндамасында көргөзүлгөндөй, АКШнын куралдуу күчтөрү азыр өзүнүн “артыкчылыгын жоготуп койду”, өлкөнүн аскерий артыкчылыгы “коркунучтуу деңгээлге чейин начарлады”, америкалык армия “Орусияга жана Кытайга каршы согушту утууга болгон күчү менен аракеттениши, балким утулуп да калышы мүмкүн”.

Бул комиссияны Конгресс 2017-жылы президент Дональд Трамптын администрациясынын Улуттук коргонуу стратегиясына баа берүү үчүн түзгөн.

Анын курамына Республикалык жана Демократиялык партиянын мурдагы 12 кызмат адамы кирген.

Трамп АКШ армиясын модернизациялоого көрсөтмө берип, куралдуу күчтөр Орусия жана Кытай менен атаандаша алгыдай кеңейиши үчүн кошумча миллиарддаган доллар ажыратууну сунуш кылган.

Конгресс комиссиясынын докладында көргөзүлгөндөй, алар стратегиянын максаттары менен макул, бирок бул саясат ишке кириши үчүн Вашингтон жетиштүү инвестиция жасап, ыкчам аракет көргөн жок.

Комиссиянын көз карашында, АКШнын 716 миллиард доллардык аскерий бюджети Орусиянын расмий аскерий бюджетинен он эсе, Кытайдыкынан төрт эсе чоң болгону менен өлкөнүн коргонуу секторунун өнүгүшү бүгүнкү коркунучтарды эске алганда жетиштүү каржыланбай жатат.

Конгресс комиссиясы Коргоо министрлиги – Пентагонго алар даярдаган 32 сунушту жолдоду. АКШнын кийинки ыктымал согуш талаасы - кибермейкиндиктеги атаандаштык жөндөмүн арттырууга чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG