Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш уулу аннексияланган Крымга былтыр барганын ырастады. Бул тууралуу Ceskenoviny.cz. сайты жазды.
Чех өкмөт башчысы журналисттер алдында сүйлөп жатып уулу (анын аты да Андрей Бабиш) Крымга мыйзамдуу түрдө барганын жана аны эч ким уурдабаганын билдирди. Ал психиатриялык жактан жабыркай турганын айтып, андан интервью алган журналисттерди сындады.
Саясатчы басылмалардагы маалыматтар анын беделин түшүрүү жана кызматтан кетирүү максатында жазылганын белгиледи.
13-ноябрда SeznamZpravy сайты премьер-министрдин баласынын маегин жарыялаган. Анда Андрей Бабиш өз эркине каршы Москвадан Крымга жеткирилгенин айткан.