Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Австралияда акула адамга тиш салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Төрт метрлик акула Брисбен шаарындагы Саншайн-Кост жээгинде байдарка менен келаткан кишиге тиш салды.

Бул тууралуу бейшемби күнү куткаруучулар билдиришти. Акула тиш салгандан кийин кайыкка чыгууга үлгүргөн киши жеңил жараат алган. Ал рация аркылуу куткаруучуларды чакырган, ага жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. Саншайн-Кост жээги убактылуу жабылды. Атайын кызмат шаардын бардык эс алуучу жерлерин текшерип жатат.

Бул акыркы эки айда эле Австралияда акула адамдарга тиш салган алтынчы учур. Сентябрда Брисбенден алыс эмес жерде 46 жаштагы аял жана 12 жаштагы кыз жабыркаган. Дарыгерлер экөөнү тең сактап калган. Ал эми ноябрдын башында 33 жаштагы киши акуланын чабуулунан кийин каза болгон.

XS
SM
MD
LG