Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Дүйнөбий мамлекеттеги исламдын орду талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-16-ноябрда Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында “Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” аттуу II эл аралык конференция өтөт.

Анда мусулман коомунда мамилелерди шайкеш келтирүүнүн жолун табуу, диний чөйрөдө демократиялык башкаруунун натыйжасын жогорулатуу маселеси талкууланат. Иш-чаранын максаты - радикализмдин алдын алуу жана экстремисттик көз караштардын таркалышына бөгөт коюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, Азия, Африка, Европа жана Америка өлкөлөрүнүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери, эл аралык кадыр-барктуу уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү белгилүү эксперттер, ислам таануучулар катышат.

Ушундай эле аталыштагы биринчи эл аралык жыйын былтыр сентябрда өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG