Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Британ өкмөтү Брексит боюнча келишимдин долбоорун жактырды


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Британиянын министрлер кабинети Европа Биримдигинен чыгуу жөнүндө келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу беш саатка созулган жыйындан кийин премьер-министр Тереза Мэй брифингде билдирди. Ал жыйында жетишилген келишим падышалыктын улуттук кызыкчылыгын коргой турганын айтты.

- Мен бул өлкө үчүн улутттук кызыкчылыкты коргогон чечим кабыл алууга милдеттүүмүн. Мен бул чечим биздин Бириккен Падышалыктын кызыкчылыгын эң жогорку деңгээлде коргойт деп терең ишенем, - деди ал.

15-ноябрда премьер-министр парламентте билдирүү жасайт.

ВВСнин маалыматына караганда, Брекситтин “катаал” түрүн колдогондор премьер-министрге ишеним көрсөтпөөнү сунуш кылып Консервативдик партияга кайрылышы мүмкүн.

Лондон менен Брюссел Ирландия менен Түндүк Ирландиянын ортосундагы чек арада катуу текшерүүлөргө жол бербөөгө макулдашкан. Эки тарап тең чек аранын жарандар жана жүк ташуу үчүн ачык болушун колдойт. Бирок Лондон "Түндүк Ирландия аймагы менен британ аймагынын бажы шарттары башка болушу керек" дегенге макул болгон жок.

Британияда Евробиримдиктен чыгуу же шаркетте калуу тууралуу референдум 2016-жылдын 23-июнунда өткөрүлгөн. Добуш бергендердин 51,9 пайызы Брекситти колдошкон.

Шейшемби күнү Брексит боюнча чечим чыгаруунун акыркы күнү болчу. Депутаттардын ар кандай чакырыктарына карабай, экинчи референдум болбой турганы айтылды.

Эгер тараптар бир пикирге келсе, келишим Европарламенттен жана Британ парламентинен колдоо табышы зарыл. Британия Евробиримдиктен 2019-жылдын март айында чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG