Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Текебаевге мамлекеттин атынан дайындалган адвокаттын лицензиясы токтотулду


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында.

Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин иши шаардык сотто каралып жатканда анын ооруп калган жактоочуларынын ордуна кирген адвокат Элмира Чоноеванын лицензиясын эки жылга токтотту.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Текебаевдин жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова кабарлады.

- Биз анын үстүнөн комиссияга даттанып кайрылбадык беле? Комиссия "Чоноеванын сотко катышканы мыйзамга туура келбейт" деп таап, ага сөгүш жарыялаган. Биз ага да макул болгон эмеспиз. Натыйжада "анын лицензиясы эки жылга токтотулсун” деген чечим чыгарылды. Демек комиссия “Элмира Чоноева сотко мыйзамсыз жана негизсиз катышкан, Текебаев менен Чотоновдун кызыкчылыгын коргоодо мыйзам одоно бузулган” дегенди тастыктап жатат, - деди Токтакунова.

Таалайкүл Токтакунованын айтымында, Чоноева бул чечимге макул болбосо, 10 күндүн ичинде сотко кайрылууга укугу бар. Чоноеванын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Мурдараак Өмүрбек Текебаев Чоноевага каршы арыз жазып, анын иш-аракеттеринде мыйзам бузуу болгону тууралуу даттанган. Натыйжада сегиз кишиден турган Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы Текебаевдин арызын канааттандырып, "Чоноева жакталуучусунун кызыкчылыгына каршы анын каалоосун эске албастан иш алып барган" деген бүтүмгө келген. Комиссиянын чечиминде андагы айыпталуучуга берилген адвокат 200 беттен турган иш менен таанышпастан, аны менен таанышууну соттон өтүнбөстөн ишине киришкени айтылат.

Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды" деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Сот Өмүрбек Текебаевди жана аны менен кошо айыпталган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Эки саясатчынын тарапкерлери өкүмдү буга чейинки бийликтин саясий куугунтугунун курмандыгы катары сыпаттап келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG