Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:34

Айтматовдун аты жарым көчөгө коюлганына депутат нааразы болду


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектеги жарымы Манас, жарымы Айтматов деп аталган көчөнү бөлбөстөн, башынан аягына чейин Манас проспекти деп аташ керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

“Башка өлкөлөр залкар жазуучунун ысымын борбор шаарларындагы көчөлөргө, сейил бактарга ыйгарып жатса Бишкектин бийлиги билмексенге салып койду” деп эсептейт депутат.

- Эки даңазалуу, тарыхый инсан Манас менен Айтматовго Бишкектен бир көчөнү берип койдук, - деди Момбеков. - Белинский көчөсүн. Эмне, булар чолокпу? Ушуну Бишкек мэриясы карап койсо болот эле. Белинский көчөсүн Манас проспекти кылганыбыз эле оң. Айтматовдун айкели Киев көчөсүндө турат. Эмне үчүн Манас менен Чыңгыздын көчөсү чоркок да, Москва, Киев, Ленинград көчөлөрү бүтүн? Уят иш эмеспи, бул? Бергиле, Киев көчөсүн Айтматов кылып. Москва көчөсүн бергиле, Турдакун Усубалиев атабызга.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл декабрда 90 жашка чыкмак. Анын мааракесин Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан.

Бишкекте мурдагы Белинский көчөсү учурда Толстой көчөсү менен кесилишкен жеринин биринчи жарымы Манас, экинчиси Айтматов деп аталат. (RK)

XS
SM
MD
LG