Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Депутат төш белги үчүн Боршайкомду айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сегиз миңден ашуун жергиликтүү депутат төш белгиси жок иштеп жүрөт. Бул маселени бүгүн парламенттин жалпы жыйынында “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев көтөрдү. Депутат бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) “мыйзамды аткарбай жатат” деп айыптады.

2016-жылдын декабрында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган.

“Азаттык” бул маселе боюнча Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов менен байланышканда ал төш белги даярдоо боюнча тендер соттошуу менен коштолгондуктан ушундай жагдай түзүлгөнүн айтты. Ал азыр бул маселе чечилип, 800 миң сомдун тегерегиндеги акчага 10 миң төш белги даярдалып жатканын билдирди.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңеште сегиз миңге жакын депутат бар.

Мыйзамда "жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күбөлүгү менен төш белгисин камсыз кылуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга тапшырылсын" деп жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG