Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Өкмөт бюджеттин тартыштыгын эки эсе азайтмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт келерки жылы бюджеттин тартыштыгын эки эсе азайтууга белсенип жатат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте маалымат берип жатып билдирди.

Мындан тышкары, өкмөт башчы белгилегендей, үч жылдан кийин Кыргызстан чыгашасы кирешеден ашпай турган бюджетке өтөт:

- Бул боюнча 2016-жылы президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун баштап кеткен иши уланат. 2018-жылга бекитилген бюджетке караганда 2019-жылы тартыштыкты 20 миллиард сомдон 10 миллиардга чейин азайтып, сиздерге сунуштап келип жатабыз. Ошол эле учурда биздин болжол менен, 2020-2021-жылы бюджетибиз тартыштыгы жок болот деген ниетибиз бар.

Премьер-министр бул үчүн киреше потенциалын жана чыгымдардын натыйжалуулугун арттыруу каралып жатканын, тышкы каражаттарды башкы тармактарга жумшап, салык-бюджет жана акча-насыя саясатын тең салмактап жүргүзүү керек экенин кошумчалады.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өлкөнүн бюджетин карап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG