Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Активист Дайырбек Орунбеков социалдык өнүгүү министрине кеңешчи болду


Дайырбек Орунбеков.
Дайырбек Орунбеков.

Журналист жана жарандык активист Дайырбек Орунбеков эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Министрлик бул тууралуу чечим 15-ноябрда кабыл алынганын кабарлады.

Маалыматты Орунбеков өзү да “Азаттыкка” ырастап, ага министрликтен сунуш түшкөнүн айтты. “Мен мурда социалдык маселелер боюнча ар кандай иш-чараларды уюштуруп келчү эмес белем. Ошого мага аталган мекемеде иштөөнү сунуш кылышты. Министр өзү да чакырды”, - деди ал.

Дайыр Орунбеков журналист жана оппозициялык маанайдагы жарандык активист катары белгилүү. 2015-жылы сот аны моралдык зыян үчүн ошо кездеги президент Алмазбек Атамбаевге 2 млн. сом доо төлөөгө милдеттендирген. Кийин Орунбековго козголгон кылмыш иши ага карата колдонулган мунапыстын негизинде өндүрүштөн кыскартылган.

Октябрь айында башка бир оппозициячыл активист Мавлян Аскарбеков Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалган. Социалдык тармактарда муну бийликтин оппозициялык күчтөрдү өзүнө тартуу аракети катары баалагандар чыккан.

Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп 25-октябрда дайындалган. Бул министрликти жетектеген Таалайкүл Исакунова кызматтык сапарларына байланыштуу чырдан кийин иштен кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG