Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Сулайманов: Сариевдин ЕАЭБ боюнча чечимдери иликтенсин (видео)


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин тарткан зыян эсептелип чыгышы керек. Бүгүн парламентте ушундай талап коюлду. “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов ЕАЭБге кириш үчүн 2020-жылга чейин жеңилдетилген шарттар берилген мөөнөттү Кыргызстан туура пайдаланбаганын айтып, бул үчүн ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевди айыптады.

Сулайманов Сариев машинелерди бажыдан өткөрүү төлөмү боюнча 2014-жылы кол койгон токтомдун кесепетинен улам Кыргызстан миллиарддаган сомдон айрылып, 10 миңдей адам жумушсуз калганын билдирди.

Депутат 2013-жылы Кыргызстанга 91, 2014-жылы 110 000 машина ташылып киргенин мисал келтирип, 2015-жылы 2 000, 2016-жылы 68, ал эми 2017-жылы 69 машине киргенин кошумчалады:

- 110 миң машине кирсе, ар бир адам бир жылда 10 машине ташыса, 10 миң киши ишсиз калды. Ошол мезгилдеги өкмөт жумуш бергендин ордуна иштеп жаткан 10 миң адамдын жумушун бир күндө кыл жип менен бууп, алып койду. Токтом кабыл алынгандын эртесинен баштап биз машинени казактардан, орустардан ташый баштадык. Ошол темпте ташысак акыркы үч жылда жылына 15 миллиард сом бажыдан өткөрүү төлөмү түшмөк. Бажы биримдигине өтө шашып киргенибиз, аларга бүт макул болгонубуз Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес, эртеңки президенттик шайлоону ойлоп иш болгон экен. Башкы прокуратура, Фиполиция, Эсеп палатасы канча чыгым келтирилгенин тез арада иликтеп, бизге жооп берүүңүздөрдү суранабыз.

ЕАЭБ маселеси 13-ноябрда парламентте өлкө бюджети талкууланып жатканда көтөрүлүп, Сариевдин аты аталган. Буга байланыштуу экс-премьер "Фейсбук" баракчасына видео билдирүү чыгарып, ЕАЭБге кирүү жөнүндө чечим туура болгонун айткан:

- Бажы биримдигине кирүү абдан туура, тарыхый чечим болгон. Муну убакыт тастыктап жатат. Биз кирип жатканда мамлекет үчүн ыңгайлуу шарттарды алганга абдан аракет кылганбыз жана ошого көбүнесе жетишкенбиз. 500 миллион доллары менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлдү, Орусиядан 200 миллион долларга чейин грант алдык, мигранттарга жакшы шарттарды түзүп бердик. Унаалар боюнча беш жылдык жеңилдетилген мөөнөт алганбыз, 2020-жылдан баштап Бажы биримдигинде орнотулган тарифтер менен киргизе баштайбыз. Негизинен эски машинелерди киргизүүгө чектөө коюу саясаты бекитилген. Анткени базарыбыз эски машинелерге толуп кеткен. Эски машине бензинди 20-30% көп жейт, экологияны бузат, зыяндуу заттарды 2-3 эсе көбүрөөк чыгарат.

ЕАЭБдин курамында Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия бар. Алгач бул уюм Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары негизделген. Кыргызстан ага 2014-жылы кошулган. (RK)

XS
SM
MD
LG