Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

Калифорниядагы өрт 59 адамдын өмүрүн алды


Бул Калифорниянын тарыхындагы эң чоң өрт катары бааланууда. 12-ноябрда тартылган сүрөт.
Бул Калифорниянын тарыхындагы эң чоң өрт катары бааланууда. 12-ноябрда тартылган сүрөт.

АКШнын Калифорния штатында 8-ноябрда тутанып, ушул күнгө чейин уланып жаткан өрт 59 адамдын өмүрүн алып кетти. Штат бийлиги маалымдагандай, дагы 130дай кишинин дайыны белгисиз. Малибу шаарынын жака-белинде кеминде үч киши курман болгон. Калкынын саны 27 миңге жеткен Парадайс шаарын тилсиз жоо толугу менен каптап кетти. Тогуз миңден ашуун турак-жай жарактан чыкты. Аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 8-ноябрда башталган өрттүн тутанышына эмне себеп болгону белгисиз. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөштү улантып жатышат.

Ал эми аймактын тургундары коопсуз жактарга көчүрүлүп, чоң жолдордун боюндагы убактылуу баш калкалоочу лагерлерге жайгаштырылды.

Аймактын шерифи Кори Хонеанын сөзүнө караганда, бул Калифорниянын тарыхындагы эң чоң өрт катары бааланып жатат. 1933-жылы штаттын Лос-Анжелес шаарындагы паркта чыккан өрттөн 29 киши көз жумган. Ошол эле кезде айрым басылмалар бул табият кырсыгын жалпы эле АКШнын тарыхындагы эң чоң өрт катары мүнөздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG