Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Кыргызстанда жыл башынан бери 66 мектеп курулду


2018-жылы Кыргызстанда курулган мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
2018-жылы Кыргызстанда курулган мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каралган сумма 5,9 млрд. сомго жеткирилип, 150дөн ашык социалдык объектини бүткөрүүгө басым жасалды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште 2019-жылдын бюджетин жана 2010-2021-жылдарга бюджеттин долбоорун коргоо учурунда билдирди.

- Учурда 107 объект колдонууга берилди. Анын ичинде: 66 мектеп, 6 бала бакча, 6 спорт зал, 6 саламаттык сактоо, 3 маданият мекемеси жана башка объектилер бар, - деди өкмөт башчы.

Буга чейин Булан институту мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, иш жүзүндө кооптуу абалда турган мектеп имараттары кыйла көп.

Баяндамада соңку беш жылда 261 жаңы мектеп курулганы белгиленген. Анткен менен 60 пайызга жакын имарат өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин курулгандыктан азыр начар абалда. Эгемендик жылдары ашар жолу менен салынган мектептер техникалык жактан курулуш стандарттарына туура келбей, кооптуу жагдайда иштеп жатышат.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Кыргыз өкмөтү мамлекет 600дөй жаңы мектепке муктаж экенин белгилейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG