16-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5,
Таласта түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -2…-4 градус суук болот.