Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Европа соту Навальный саясий мүдөө менен кармалганын тааныды


Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный соттун чечимин кийин журналисттерге сүйлөп жатат. Страсбург. 15-ноябрь, 2018-жыл.
Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный соттун чечимин кийин журналисттерге сүйлөп жатат. Страсбург. 15-ноябрь, 2018-жыл.

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын оппозициячыл активисти Алексей Навальный бир нече ирет саясий мүдөөдөн улам кармалып, камалганын тааныды. Мындай чечим 15-ноябрда чыгарылды.

Оппозициячыл активист 2012-жылдан 2014-жылга чейинки жети окуя боюнча сотко арыз менен кайрылган. Анын адвокаттары Адам укуктары боюнча Европа сотунан Навальныйга карата Европа конвенциясынын 18-беренеси бузулганын таанууга чакырышкан.

Страсбургдагы сот буга чейин 2017-жылдын февралында “Орусиянын өкмөтү Навальныйды 2012-2014-жылдардагы митингдерде жети жолу кармаганы үчүн ага 63,7 миң евро кенемте төлөп бериши керек” деп чечкен. Сот жараян учурунда орусиялык оппозиционердин жүйөлөрүн колдоп, “бийлик анын тынч жыйындарды өткөрүү укугун бузган” деп тапкан.

42 жаштагы активист 2011-жылдан бери бийликке каршы көчө акцияларын уюштуруп келатат. "Бийлик менен макулдашылбаган акцияларды өткөргөн" деген айып менен ал бир нече жолу кыска мөөнөткө камалып чыккан.

XS
SM
MD
LG