Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) фракциясы Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу боюнча партиянын саясий кеңешинин чечимин аткарууга чакырган кайрылуусун кароону жума күндөгү жыйындын күн тартибине киргизген жок.
Фракциянын айрым мүчөлөрү бул маселеге байланыштуу добуш берүү бул күнү болбой турганын “Азаттыкка” билдиришти. Ал эми депутат Дастан Бекешев бул маселени Өмүркулов өзү көтөрүп чыгышы ыктымал деп эсептейт.
- Күн тартибин мен алган жокмун. Муну өзү көтөрүш керек, негизи. Моралдык жактан өзү көтөргөнү туура, - деди Бекешев.
Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу боюнча КСДПнын саясий кеңешинин чечимин аткарууга чакырган кайрылуу ар бир фракция мүчөсүнө жөнөтүлгөнү өткөн апта соңүнда белгилүү болгон. Айрым фракция мүчөлөрү "партиянын саясий кеңешинин ал чечиминин легитимдүүлүгү каралышы керек" деген пикирди айтышкан.
31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондой эле партиянын парламенттеги фракциясынын депутаттарына Иса Өмүркуловду кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизилген. Өмүркулов өзү бул чечимди легитимсиз деп баалап, аны мүчөлүктөн чыгарган адамдарды “чыккынчылар” деп атаган. (КЕ)