Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Турак жайды камсыздандыруу маселеси каралат


Аюу-Сай айылы, Өзгөн.
Аюу-Сай айылы, Өзгөн.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясы курулуш, ишкерлик чөйрөсүндөгү бүгүнкү кырдаал жана шаар куруу, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын талкуулайт.

Бул багытта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бактыбек Абдиев маалымат берет.

2016-жылдын февраль айынан тартып Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык шаарларда камсыздандыруунун баасы 1200, айылда 600 сом өлчөмүндө бекитилген.

Мыйзамда турак жай табигый кырсыктан жабыркаса камсыздандыруу компаниясы зыяндын ордун толтуруш үчүн 1 миллион сомго чейин акча төлөп берери жазылган.

Былтыр президент "республикалык бюджетке түшкөн оорчулукту азайтуу милдетин толук аткарбай жатат" деп Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишин сындаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG