Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Москва: метродо кызга кол көтөргөн улутчул 10 суткага камалды


Москвадагы “Менделеев” метросунда кызды урган улутчул 10 суткага камалды. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматына жабырлануучунун адвокаты Максим Завертяев билдирди.

Москвалык Валентина Ингсоц метрону жаңыртып “Москвалык такырбаштар” деген ырды ырдап келаткан жүргүнчүгө сын айткан. Ага жооп кылып Максим Викторов аттуу жаран Валентинаны бир нече жолу баштан ары уруп жиберген. Кыз полиция кызматкерлерин чакырган, бирок алар кол көтөргөн жаранды кармашкан эмес.

Окуя август айында болгон. Жабырлануучу “Жарандык аракеттер” уюму менен бирге улутчулду жоопкерчиликке тартууга жетишкен.

15-ноябрда Тверь райондук соту Максим Викторовду “Уруп-согуу” беренесинин негизинде 10 суткага камады.

XS
SM
MD
LG