Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Абдылда Капаров жатак абактын жетекчилиги ага өргүү бербей жатканына даттанды


Абдылда Капаров камактагы Өмүрбек Текебаевди колдоо митингдеринде. 25-март, 2017-жыл.
Абдылда Капаров камактагы Өмүрбек Текебаевди колдоо митингдеринде. 25-март, 2017-жыл.

Төрт жылга кесилген милициянын полковниги Абдылда Капаров Балыкчы шаарындагы №51 жатак абактын жетекчилиги анын ооруп калган кызын көрүү үчүн өргүү бербей жатканы жөнүндө даттанды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Нооманжан Аркабаев билдирди.

Адвокаттын айтымында, Капаровдун кызы эси ооп, бейтапканага түшүп калган. Ал мыйзам боюнча мындай шартта жатак абакка кесилген кишиге 5-10 күнгө чейин каникул берилиши керек деп эсептейт.

Аркабаев түшүндүргөндөй, Абдылда Капаров өзүнө өргүү берилбей жатканын “жогору жактын буйругу” менен байланыштырып жатат. Капаров ошондой эле аны "атайылап өзү жашаган Ошто эмес, Балыкчыга камакка алышканынын артында да саясат турат" деп эсептейт.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова жатак абакка кесилген адамдын жакыны каза болсо гана өргүү берилери мыйзамда көрсөтүлгөнүн билдирди.

Абдылда Капаров 2017-жылы 25-мартта кармалган. Ага прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 297-329-338-беренелери менен иш козгогон. Мындан сырткары, Улуттук коопсуздук боюнчча мамлекеттик комитет (УКМК) да 299-беренеге ылайык кылмыш ишин ачкан. Буга азыркы президент, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун арызы себеп болгон. Былтыр 27-июнда Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген.

Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоо митингдерине катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. Былтыр февралдан тартып камактагы депутат Өмүрбек Текебаевди колдоо акцияларын уюштуруп жүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG