Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Нарында мыйзамсыз ок атуучу курал алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облустук чек ара башкармалыгы менен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери чогуу жүргүзгөн алдын алуучу чаралардын жүрүшүндө 51 жаштагы тургундун колунан мыйзамсыз ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

“ТОЗ-8” үлгүсүндөгү мылтык 5,6 мм. калибрде экени такталып, уруксат кагазы жок экени белгилүү болду. Курал Ак-Таш кыштагында пайдаланылып жүргөн. Иликтөө иштери уланууда.

Ички иштер министрлиги курал-жаракты жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет экенин үзгүлтүксүз эскертип келет.

Мыйзамдарга ылайык мындай жолго баргандар эркинен ажыратууга чейин жазага тартылат. Ошол эле кезде курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG