Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Дастан Бекешев мэрияга жол тыгындарын жөнгө салуунун ыкмасын сунуш кылды


Бишкектин аялдамаларынын биринде автобус күтүп турган шаар тургундары.
Бишкектин аялдамаларынын биринде автобус күтүп турган шаар тургундары.

Бишкек шаарындагы эртең менен жана кечинде пайда болуп жаткан тыгындардын маселесин чечиш үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жолдорду чектелүү убакытка бир тараптуу кылууну сунуш кылды. Депутат "Азаттыкка" бул тууралуу сунушун мэрияга айтканын билдирди:

- Эртең менен өйдө баратканда тыгын жок, а бирок ылдый баратканда тыгын бар. Кечинде тескерисинче болот. Кээ бир жолдордун дээрлик бардык тилкелерин убактылуу бир тараптуу кылып коюш керек. Коомдук транспортко гана уруксат берип, бир тилкени бөлүп бериш керек. Кечинде ушундай эле принципти өйдө карата кылышыбыз керек. Бул маселени чечпесек жарандар өтө нааразы болушат, - деди Дастан Бекешев.

Бишкек шаарынын жолдорунда кар түшкөндөн бери чоң тыгындар шаар тургундарын жүдөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG