Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Ошто Асылбек Момуновдун жаркын элесине арналган футбол турнири өтүүдө


Кыргызстандын футболчу Асылбек Момунов.
Кыргызстандын футболчу Асылбек Момунов.

Бүгүн Ош шаарында жаш өспүрүмдөр арасында белгилүү кыргыз футболчусу Асылбек Момуновдун жаркын элесине арналган футбол боюнча эл аралык турнир өтүп жатат. Ага Өзбекстандан, Казакстандан жана Кыргызстандан он чакты команда катышууда.

Мелдеш Асылбек Момунов атындагы футбол академиясында 16-20-ноябрь күндөрү өтөт.

Асылбек Момунов жарым коргоочу болуп Кыргызстандын “Алай”, “Алга”, Болгариянын “Хасково”, Өзбекстандын “Пахтакор”, Казакстандын “Кайнар” клубдарында ойногон. Ал 1996-жылы 29-мартта Алматы-Талдыкоргон жолунда 30 жаш курагында автокырсыктан каза болгон.

Асылбек Момунов - Кыргызстандын эки жолку чемпиону, Кыргызстан кубогунун эки жолку ээси болуп, 1993-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу аталган. (MdN)

XS
SM
MD
LG