Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке кирет


Рогун ГЭСинин курулушу жүрүп жаткан аймак.
Рогун ГЭСинин курулушу жүрүп жаткан аймак.

Бүгүн Тажикстанда Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке киргизилет. Атайын аземге президент Эмомали Рахмон баштаган бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлүк коноктор, алардын ичинде CASA-1000 долбооруна кирген мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Дүйнөнүн 30дан ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери чакырылган.

Адистердин айтымында, ишке бериле турган агрегат текшерүү режиминен өткөн. «Учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 214 миллион куб метрди түзөт. Бул ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизүүгө жетиштүү», деп билдиришти адистер.

​Рогун ГЭСи ар бири 600 мегаватты түзгөн алты агрегаттан турат. Анын экинчи агрегаты кийинки жылы апрелде ишке берилиши күтүлүүдө.

Толук курулуп бүткөндө Рогун ГЭСи Борбор Азия аймагындагы эң ири гидроэлектр станция болуп калат. Анын курулушу өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында башталып, Тажикстан эгемендүүлүк алгандан кийин токтоп калган. Бул ГЭСтин курулушуна Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов да каршы болуп келген.

Тажик өкмөтү 2016-жылы ГЭСти куруп бүткөрүү боюнча италиялык "Salini Impregilo" компаниясы менен макулдашууга кол коюп, плотинаны куруу иштери жанданган. Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, макулдашуунун суммасы 3,9 миллиард долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG