16-ноябрда "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандагы жаштардын жана студенттердин фестивалы жыйынтыкталды. Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турчу Ишкерликтин дүйнөлүк жумалыгынын аякташына туш келген.
Фестивалдын жүрүшүндө чакырылган коноктор жаштар менен талкуу уюштуруп, Ишкерликтин дүйнөлүк жумалыгынын жыйынтыгын чыгарды. Студенттер менен баарлашууга футбол боюнча Кыргызстандын эң мыкты деп эсептелген чабуулчусу Антон Землянухин, "Ак илбирс" сыйлыгынын ээси Азамат Уланов жана башка ар кайсы тармактарда ийгиликке жеткен жаштар келген.
Уюштуруучулардын айтымында, кыргызстандык эң мыкты жаш ишкерлер ар кандай номинацияларда сыйланышты. Иш-чарага 450 киши катышты.
Ишкерликтин дүйнөлүк жумалыгы Кыргызстанда акыркы сегиз жылдан бери уюштурулуп келет. Ушундай эле жумалыктар учурда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да өтүп жатат. Жалпысынан ага 7,5 миллион жаштар катышууда. (KR)