Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Мамкаттоо Кулматов боюнча арызын кайтарып алганына түшүндүрмө берди


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи май райондук сотуна берген арызын кайтарып алган себебин түшүндүрдү.

Мекеменин юристи Бакыт Жакеев “Азаттыкка” берген комментарийинде, арыз анда көрсөтүлгөн маалыматтарды толукташ үчүн чакыртылып алганын айтты.

- Азырынча Кулматовдун паспортун мыйзамдуу же мыйзамсыз деп жыйынтык чыгаруу эрте. Биз баштапкы соттук отурумда кээ бир документтер, кошумча-алымчалар керек экенин түшүндүк. Ошолорду толуктоодон кийин гана иш жүргүзүлөт деп чечим чыкты. Ошон үчүн арызыбызды артка алдык. Чакыртып алган маалыматтарыбыз бизге жете элек, келип жеткенден кийин карап, алымча-кошумчабызды киргизген соң гана кийинки кадамыбыз чечилет, - деди Жакеев.

“Азаттыктын”: “Демек, сотко дагы кайрыласыздарбы?” деген суроосуна юрист Бакыт Жакеев “маселе каралып жатат, толугу менен чечиле элек” деп жооп берди.

21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган. Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген.

Кийин УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганын билдирген.

Буга байланыштуу эки-үч жолу соттук отурум өткөн. 14-ноябрда Мамкаттоо кызматы кайра арызын чакыртып алган. Бул күнү сотко катышкан Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” комментарий берип, буга байланыштуу соттук жараян токтотулганын айткан.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кулматовдун адвокаттары бул аракеттерди "акылга сыйгыс" деп баалаган. Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтып жатышат. Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталууда.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган. 5-июндан бери Кулматов УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG