Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:49

Рахмон: Рогун ГЭСин куруп бүтүрөбүз


Президент Рахмон Рогундун агрегатын ишке киргизүү аземинде.

Тажикстанда бүгүн (16-ноябрда) Рогун ГЭСинин алгачкы агрегаты ишке кирди. Президент Эмомали Рахмон жалпы Рогун шаарындагы атайын аземде бул күндү тарыхый деп мүнөздөдү.

Ал Рогун ГЭСи чыгарган электр энергиясы чөлкөмдүн бардык өлкөлөрүнө пайдасын тийгизерин айтып, анын суу сактагычы аймактагы суу ресурстарын туура тескөөдө чоң роль ойнорун белгиледи. Ошондой эле Тажикстан ГЭСтин курулушун аягына чыгарат деп убада кылды.

“Бүгүнкү күнгө чейин жетишилген жыйынтык жана тажрыйбаны эске алуу менен биз Рогун ГЭСинин курулушун белгиленген мөөнөттө бүтүрөбүз деп ишенимдүү түрдө айта алам”,- деди Рахмон.

​Рогун ГЭСи ар бири 600 мегаватты түзгөн алты агрегаттан турат. Анын экинчи агрегаты кийинки жылы апрелде ишке берилиши күтүлүп жатат. Биринчи агрегатты ишке киргизүү аземине бийлик өкүлдөрү, чет өлкөлүк коноктор, алардын ичинде CASA-1000 долбооруна кирген мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Рогундун курулушу өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында башталып, Тажикстан эгемендик алгандан кийин токтоп калган. Тажик өкмөтү 2016-жылы ГЭСти куруп бүткөрүү боюнча италиялык "Salini Impregilo" компаниясы менен макулдашууга кол коюп, плотинаны куруу иштери жанданган. Бул макулдашуу 3,9 миллиард долларга бааланган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG