Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

"Бир дүйнө" фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды


Уланбек Эгизбаевдин апасы Жыпаркүл Сариева.
Уланбек Эгизбаевдин апасы Жыпаркүл Сариева.

Бүгүн Бишкекте адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Фестивалга аялдардын, мигранттардын, балдарын укуктарын чагылдырган, экология маселесин көтөргөн жана жаркын жашоого үндөгөн 25 тасма тандалып алынган.

Сыйлыктар сегиз номинация боюнча тапшырылып, “Керексиз нерселердин музыкасы” (Музыка ненужных вещей) тасмасы баш байгени алды.

Бул жылы фестивалдын алкагында биринчи жолу “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына “Уланбек уланат” аттуу сыйлык тапшырылды. Аны “Чаңгет” тасмасы менен жаш режиссёр Аида Мидий кызы жеңди.

Андан сырткары Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө тартып кеткен акыркы эмгектеринин бири “Другая жизнь” тасмасы сыйлыкка татып, ал Уланбектин апасы Жыпаркүл Сариевага тапшырылды.

12-жолу уюштурулуп жаткан фестиваль Бишкекте дүйшөмбү күнү ачылган. Даректүү тасмалар Бишкектеги “Манас”, “Ала-Тоо”, “Октябрь” жана “Россия” кинотеатрларында көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG