Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Депутат үлүшчүлөрдүн көйгөйү боюнча өкмөттү сындады


Депутат Аида Исмаилова 16-ноябрдагы парламент жыйынында курулуш компанияларга алдын ала акчасын төлөп, бирок батирге жетпей жүргөн төрт миңдей жаран бар экенин билдирди.

Депутат үлүшчүлөрдүн маселесин чечүү үчүн турак үйлөрдү куруу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын белгилеп, бул көйгөйдү талкуулоого өкмөт мүчөлөрү катышпай жатканын сынга алды. Исмаилова үлүшчүлөрдүн көйгөйү боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия эмне иш кылып жатканына кызыкты.

Депутатка вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кат жүзүндө жооп бере турганын убада кылды.

Кыргызстанда акыркы жылдары курулуш компанияларына акчасын алдын ала берип, бирок батир ала албай жүргөн жарандардын катары калыңдап баратат. Бул маселе соңку мезгилде парламентте байма-бай көтөрүлүүдө.

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы быйыл 3-октябрдагы чыгарылышында Бишкекте батир алыш үчүн акча төлөп, бирок берген каражатынан да, үйдөн да куржалак калгандардын арыз-муңун, мамлекет жөнгө сала албай жаткан системаны иликтеген. ​ (TSh)

XS
SM
MD
LG