Асылбек Бабаев “Табылга” саясий партиясынын лидерлигинен өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Асылбек Бабаев башка жумушка өткөнүнө байланыштуу партиянын төрагалыгынан бошотулду. Азырынча партияны ким жетектери белгисиз.
Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Улан Чолпонбаев “Табылга” саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ысык-Көлдө жаңы түптөлгөн партия 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында биринчи орунду алган. (TSh)