Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:40

Отунбаева Жээнбековду 60 жашка чыгышы менен куттуктады


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Отунбаева куттуктоо катында Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгүн эгемендиктин 27 жыл ичиндеги оор сыноолору, өткөөл мезгилдери такшалтканын белгилейт.

“Сиздин жетекчилик менен көйгөйлүү реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адам укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп ишенем”, – деп жазылат Отунбаевнын куттуктоосунда.

Учурда Отунбаева Индияда билим берүү боюнча эл аралык жыйынга катышып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда 60 жылдык мааракесин белгиледи. Анын туулган күнү менен Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан мамлекеттеринин башчылары куттукташкан.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Совет районунун (азыркы Кара-Кулжа району) Кара-Кулжа айылында туулган.

1995-жылдан бери Жогорку Кеңешке үч жолу депутат болуп шайланган, 2007-жылы жарым жыл айыл чарба министри болуп иштеген. Эки жыл ишкерлик менен алектенген. 2010-жылдагы окуялардан кийин бийликке кайтып, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү жана Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2016-жылы президенттин аппаратынын орун басары болуп дайындалып, бир айдан кийин премьер-министр болгон.

2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстандын президенти болуп шайланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG