Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Айтматовдун ысымы Кавказ тоолорундагы чокулардын бирине берилди


Бул тууралуу жазуучу Султан Раев маалымдады.

Анын айтымында, Кавказ тоолорундагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылган чокуга кыргыз байрагы жана жазуучунун аты жазылган такта орнотулду.

Чокуга чыгуу үчүн кыргыз альпинисттери 13-ноябрда Кыргызстандан кетишкен. Бул иш-чараны мамлекет колдоого алып, каражат бөлүндү.

Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак. Анын мааракесин Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG