Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

The New York Times: Хейли Пенстин ордуна барышы мүмкүн


АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли вице-президент кызматына талапкер болушу мүмкүн.

Бул тууралуу The New York Times жазып чыкты. Басылманын ишенимдүү булагынын айтымында, Дональд Трамп азыркы вице-президент Майк Пенстин ишенимдүүлүгүнөн шек санап, алмаштырууну ойлонуп жатат.

Басылма Хейли Трамптын кызы Иванка жана анын күйөөсү, Ак үйдөгү кеңешчи - Жаред Кушнер менен жакындыгын белгилейт.

Журналисттердин пикиринде, Хейли Трампка аял шайлоочулардын добушун алып берүүгө жардам берет. Бирок, Ак үйдүн өкүлү гезиттин журналисттерине АКШнын президенти Пенсти колдой турганын билдирген.

Октябрь айынын башында АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейлинин жыл аягында кызматтан кетери белгилүү болгон. Анда Трамп Хейли админстрацияга кайтарын, бирок кайсы кызматка келерин ачык айткан эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG