Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Баткен облусунун прокурору киши колдуу болду


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов тастыктады:

- Облустун прокурору Баткен шаарынын чекесинде, талаада денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар айтылбайт. Шектүү кишилер бар. Кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарда кылмышка шектүү киши кармалганы айтылып жатат. (JsA/TSh)

XS
SM
MD
LG