Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Калифорниядагы өрт: дайыны белгисиз болгондордун саны миңден ашты


АКШнын Калифорния штатында ноябрдын башында тутанып, ушул күнгө чейин уланып жаткан өрттөн кийин 1011 кишинин дайыны белгисиз болууда. Бул тууралуу аймактын шерифи Кори Хонеага шилтеме жасап "Los Angeles Times" жазды. Буга чейин дайыны чыкпай жаткандардын саны 631 болчу. ВВС жергиликтүү бийлик дайынсыз кеткендердин санын ар кайсы булактан чогулутуп жактандыктан, тизме так болбошу мүмкүн экенин белгиледи.

АКШнын Калифорния штатында 8-ноябрда тутанып, ушул күнгө чейин уланып жаткан өрт 71 адамдын өмүрүн алып кетти. Жүздөгөн чарчы километр токой өртөнүп, улуттук парктын негизги бөлүгү жана корулган аймак жок болду. Миңдеген тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Калифорниянын түндүгүндөгү Парадайс шаары толук күйүп кетти.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөштү улантып жатышат. Штат бийлиги өрттү өчүрүүгө үч апта керектигин билдирүүдө. Айрым басылмалар бул табият кырсыгын АКШнын тарыхындагы эң чоң өрт катары мүнөздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG