Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Автомектептин курсанттары рейдге чыгат


17-ноябрда Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы автомектептердин жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жумагазиев жетекчилерге автомектептин курсанттарын профилактикалык иш-чараларга тартууну сунуштады. Анын айтымында, мындай тажрыйба жол кыймылынын эрежелерин жакшылап үйрөнүүгө жана жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге көмөкчү болот.

Автомектептин жетекчилери бул демилгени колдоого алып, курсанттар үчүн атайын форма жана рейддердин графигин түзүүнү макулдашты. Ошондой эле курсанттар мектептердин жанында күзөттө туруп, окуучулардын жолдон коопсуз өтүшүнө көз салышат.

Соңку мезгилде жол кырсыктары көп катталып, жылына жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылууда. Адистер айдоочуларды окуткан мектептердеги билим сапатынын начардыгын мунун бир себеби катары айтып келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG