Францияда күйүүчү майдын баасынын жогорулашына каршы чыккан акцияда бир аял каза болуп, бери дегенде 220 адам жаракат алды. Каза болгон аял топтолгондорду байкабай сүзгөн машинанын алдында калган.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акцияга өлкө боюнча 280 миңден ашык адам катышты. Сары түстөгү кийимчен катышуучулар май куйуучу жайларга барчу жолдорду бууп алышкан. Акцияда 117 киши кармалып, алардын 73ү камакка алынды.
17-ноябрда Парижде акцияга чыккандар президенттин имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон.
Нааразылык акциялары француз бийлигинин 2019-жылдан тарта күйүүчү май үчүн салыкты жогорулатуу тууралуу чечиминен кийин башталды. Париж салыкты көтөрүү чечимин абанын булганышына каршы чара деп түшүндүрүүдө. (TSh)