Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:18

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барды


Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусуна барып, прокуратуранын жамааты менен жабык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун аймактагы кабарчысы маалымдады.

Буга чейин Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси сурак берип жатканы кабарланган. Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголду.

Маркум 17-ноябрда азыр сурак берип жаткан жетекчи менен чогуу жүргөнүн көргөн күбөлөр бар. Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактар Мамажакыповдун жанында райондогу башка прокурорлор да болгонун айтышты.

43 жаштагы прокурордун сөөгүн жакындары Чоң-Алай айылына алып кетишти. (JsA/TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG