Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Армян бийлиги эл арасынан кадр издейт


Никол Пашинян
Никол Пашинян

Армения премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян өлкөдө кадрлар банкы түзүлүп, кызматка эл арасынан жетекчилер тандала турганын билдирди.

"Мен премьерликте отурган алты айдагы эң жүйөлүү талаптардын бири ушул болгон. Жарандар жогорку кесиптик билими, уюштуруучулук жөндөмүнө карабай көп учурда премьер-министрге үнү жетпей, Армениянын жыргалчылыгы үчүн өз кызматын сунуштай албай жатышканына даттанууда", - деп жазды Пашинян "Фейсбуктагы" барагына.

Мындай көрүнүштү болтурбоо максатында мамлекеттик жетекчи кызматтарга өзүн татыктуу көргөн, программасы бар же кызыккан тармагына реформа жасоого жөндөмдүү жарандарды резюмесин жөнөтүүгө чакырды. Бир нече этаптан ийгиликтүү өткөн талапкерлер "түзүлгөн кадрлар банкына киргизилет" деп Пашинян убада берди.

Бул үчүн атайын жумушчу тобу түзүлөт. Топту өз резюмеси жана мотивациялык каты менен ынандырган киши маектешүүгө келет. Пашинян алдын ала "суурулуп чыгалбай калгандарды" таарынбоого да чакырды.

XS
SM
MD
LG