Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу “Апрель” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Өлкөдөн чыгып кеткен Надира Сатыгул кызы экенин жана ал коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү да “Азаттыкка” ырасташты. Надира Сатыгул кызы качан жана кайсы өлкөгө чыгып кеткенин КСДП тактаган жок.

Надира Сатыгул кызы КСДПнын каржы иштери боюнча өкүлү болуп, 2015-жылы парламенттик шайлоодо партия тизмеси менен депутаттыкка да ат салышкан. Буга чейин анын уулу Адилет Сатыгулов БШКнын мүчөсү катары бекитилген эле.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жакында жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген, "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат деп мүнөздөгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG