Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

“Ата Мекен” өлкөдөгү кырдаалды парламентте талкуулоону сунуш кылат


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы өлкөдөгү акыркы кырдаалды парламентте талкуулоону сунуш кылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, былтыркы президенттик шайлоого байланыштуу айрым материалдардын жарыяланышына, Өмүрбек Текебаевди түрмөгө кесүүдө негизги күбө болгон орус ишкери Леонид Маевскийдин кармалышына байланыштуу окуялар өлкөдө талкуу жаратты.

- Мындан башка саясий туткундарга байланыштуу жана башка маселелер боюнча коомдо чыңалуу бар экени белгилүү. Буларды парламент талкуулашы керек, - деди Шыкмаматов.

“Ата Мекендин” лидеринин айтымында, демилге Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы жалпы жыйынында көтөрүлөт.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталууда. 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлаган. Мындан соң "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Текебаевдин маселесин кайра кароону сунуш кылып жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG