Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Тажикстандык жоочулар Сирияга Бишкек аркылуу кеткени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына кошулган 1899 тажикстандык катталды. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин орун басары Мансуржан Умаров өткөн жумада парламентте билдиргенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады. Анын алдында өкмөт "Ислам мамлекети" тобуна 1100 тажикстандык кошулуп кеткенин маалымдаган эле.

Умаровдун айтымында, жоочуларга кошулган кишилер согуш тутанган аймактарга Түркиядан барышкан. Түркияга Москва, Бишкек, Дубай жана Баку шаарлары аркылуу кетишкен. Жүздөгөн согушкерлердин үй-бүлөсү Ооганстанда экени да аныкталган.

Расмий маалыматка караганда, тажик өкмөтү Сириядан жана Ирактан 80 жаранды мекенине кайтарып, 1700 кишиге издөө салынган. Согушта мерт болгон тажикстандыктардын так саны белгисиз.

Ал эми террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 800дөн көп экени расмий маалымдалган. Атайын кызмат алардын арасында 140ка жакын аял, жүздөй бала бар экенин билдирген. Кийинчерээк согуш талаасында кыргызстандык 92 киши мерт болгону айтылган.

Кыргызстандан кеткендер 2013-2015-жылдары көбөйүп, кийин басаңдаган. Өлкөдө терроризм жана экстремизмден алыс болууга чакырган иш-чаралар көбөйгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG