Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча алты прокурор сурак берүүдө


Анарбай Мамажакыпов.
Анарбай Мамажакыпов.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча прокуратуранын алты кызматкери сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милиция кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер окуя болгон күнү Мамажакыпов менен бирге тоого аң уулаганы чыгышкан.

Ошондой эле милиция облус прокурору окко учуп каза тапканын ырастады. Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Каза тапкан Анарбай Мамажакыповдун сөөгү бүгүн кичи мекени Чоң-Алайда жерге берилет.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда облустагы тоо арасынан табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалды. (BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG