24-ноябрга белгиленген коомдук-саясий уюмдардын курултайына катышуу боюнча чакырууга президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев жооп бере элек. Бул тууралуу курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, саясатчыларга курултайга чакыруулар жөнөтүлдү.
"Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултай 24-ноябрга белгиленген. Аны өткөрүү боюнча бир катар саясатчылар жана коомдук активисттер демилге көтөрүшкөн.
Курултайда өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтагы алгачкы бир жылдык ишмердиги талкууланары кабарланган. (BkA)