Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Жанарбек Акаев: Текебаевдин ишин кайра кароого олуттуу негиз түзүлдү


Жогорку Кеңештин дептутаты Жанарбек Акаевдин “Кыргызаэронавигация” ишканасынан алган каты.
Жогорку Кеңештин дептутаты Жанарбек Акаевдин “Кыргызаэронавигация” ишканасынан алган каты.

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого олуттуу негиз түзүлгөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев айтып чыкты.

Эл өкүлү депутаттык суроо-талап аркылуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынан алынган тик учактар тууралуу расмий маалымат келгенин маалымдады. Аны Акаев Интернетке жарыялап, “Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн арызданган орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүндө айтылган 2010-жылдын 13-майында Дүйшөнкул Чотонов Ошко учканы анык болду”,- деп жазды.

Ошондой эле Жанарбек Акаев Маевский 13-май күнү кечинде “Супара” кафесинде Текебаев жана Чотонов менен кечки тамакта жолугуп сүйлөшкөнү сотто негизги көрсөтмө болгонун, бирок ошол күнү Чотонов саат 17:21де Ошко 01101 номерлүү МИ-8 тик учагы менен учканын айтууда.

- Аны генерал Исмаил Исаков да сотто тастыктаган. Ошондой эле "О" уюк операторунан биз дагы бир арыздануучу Модиндин шаар ичинен чыкпаганы тууралуу маалымат алдык. Алардын жолукканы жана акча бергени жалган экени, бул ишти ошол кездеги бийлик атайылап уюштурганы ачыкка чыгууда. Мындай маалыматтар ишти сотто кайра кароого негиз боло алат,- деп билдирди депутат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталууда. 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлаган. Ошондон кийин "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Текебавге карата маселени кайра кароону сунуш кылып жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG