Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:33

Бишкекте алты миңден ашык мыйзамсыз курулуш бар


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган органдын өкүлдөрү баш калаадагы мыйзамсыз курулуштарды текшерип чыгышкан. Анын жыйынтыгында 3500ден ашыгын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар экени аныкталган. Ал эми калган курулуштар магистралдык жолдордун, электр зымдарынын алдында жайгашкандыктан аларды курууга таптакыр уруксат берилбеши керек.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде “Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Аны депутат Чыныбай Турсунбеков иштеп чыккан. Мыйзам долбоору жаңы конуштарда айрым курулуштарды мыйзамдаштыруу максатын көздөйт. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG