Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

"Associated Press": АКШнын чабарманы “Талибан” менен сүйлөшүү өткөрдү


АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад. Кабул, 18-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад. Кабул, 18-ноябрь, 2018-жыл.

“Associated Press” агенттиги кабарлагандай, “Талибандын” өкүлдөрү АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен Катар өлкөсүндө үч күн бою сүйлөшүү өткөрүшкөн.

Маалыматка караганда, “Талибан” тараптан сүйлөшүүлөргө Герат провинциясынын мурдагы губернатору Хайрулла Хайрква, “Талибандын” мурдагы аскер башчысы Мохаммад Фазль катышкан.

“Талибандын” бул эки өкүлү АКШ Кубанын Гуантанамо аралындагы аскердик түрмөдөн 2014 -жылы бошоткон беш талибдин ичинде болгон. АКШ тарап аларды талибдердин туткунундагы америкалык аскерге алмаштырган эле.

Гуантанамо түрмөсүнөн бошотулган беш талибдин баары азыр “Талибан” кыймылынын саясий өкүлчүлүгү бар Катар өлкөсүндө жайгашкан жана кыймыл Ооганстандын ичиндеги согушкерлерине таасири бар деп эсептелет.

АКШнын Мамлекеттик департаменти "америкалык чабарман “Талибандын” адамдары менен сүйлөшүү өткөрдү" деген маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты.

Залмай Халилзаддын өзү кечээ Кабулга келип, ооган президенти Ашраф Гани менен кездешкен.

Кабулдагы басма сөз жыйынында ал Ооганстанда 2019-жылдын 20-апрелинде өтүүчү келерки президенттик шайлоого чейин “Талибан” менен тынчтык макулдашуусу түзүлөт деп үмүттөнөрүн билдирген. Бирок ал Катарда “Талибандын” өкүлдөрү менен жолукканын айткан эмес.

“Талибан” АКШнын Ооганстандын Батыш колдогон өкмөтү менен бетме-бет сүйлөшүү тууралуу талабын көптөн бери четке кагып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG