Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн жакындары үн катты


Анарбай Мамажакыпов.
Анарбай Мамажакыпов.

Киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган аталган облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыковдун жакындары анын кылмыш кылганына ишенишпейт. Бул тууралуу Калыковдун апасы Гүлбара Абдрашитова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Калыковду прокурор "аңчылык уюштуруп бер" деп алып кеткен.

- Эс алууга прокуратуранын жети кызматкери туруп, жетекчисинин ушундай мас абалында уулубуздун автоунаасына салып беришкени жоопкерсиздик. Мыйзам сактап, мас айдоочуга салып бербей, кер-мур айтышканда эле кармашы керек болчу же коштоп алып келиши керек эле, - деп билдирди Абдрашитова.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда облустагы тоо арасынан табылган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды.

Мамажакыповдун өлүмү боюнча аны менен кошо мергенчиликке чыккан прокуратуранын алты кызматкери сурак берип жатканы белгилүү болду.(JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG